Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлер Навальныйдын абалы оор экенин айтышты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 803 | 0

«Дарыгерлер альянсы» профсоюзунун башчысы Анастасия Василева орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын кан анализинин көчүрмөсүн жарыялады.

Дарыгерлердин айтымында, саясатчынын бөйрөгү ооруп, жүрөгү токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсантъ» жазды.

Кабарларга караганда, Навальныйды дарылап жаткан дарыгерлер Жаза аткаруу федералдык кызматынын башчысы Александр Калашниковго саясатчынын абалы оор деп кат жолдошкон.

«Эки күн өттү, бирок бизге эч ким жооп берген жок. Калийдин кандагы көлөмү 7,1 ммоль/л. Бул тынчсыздандыруучу сан. Демек, бөйрөк жетишсиздиги жана жүрөк ритми каалаган учурда бузулушу мүмкүн: ашказан фибрилляциясынан жүрөктүн токтоп калышына чейин…», — деп жазды Анастасия Василева командасы Твиттерге.

Владимир Путиндин кескин сынчысы Навальный февраль айында Ив Рошер иши үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Август айында уулануу диагнозу менен ооруканага түшкөн саясатчы ошол эле күнү Германияда дарылануусун улантып, Орусияга кайтып келген.

31-мартта саясатчы дарыгерге жол берилбегендиктен ачкачылык жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM