Биз менен байланышыңыз

Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министрине ыйгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 825 | 0

2019-жылы Нобель сыйлыгынын «Тынчтык үчүн» номинациясына Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али лауреат болуп тандалды.

Бул сыйлык тынчтыкты бекемдөө, коңшу Эритрея менен 20 жылдан берки куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн тапшырылды. Эки өлкө ортосунда 20 жыл мурда чек-ара маселелеринен улам ок атышуу жаралган. Бул маселе 20 жылдан бери чечилбей келген. Ошондой эле ал аялдардын укугун коргоп келгендиги менен коомго белгилүү.

Абий Ахмед Али 2018-жылдын 1-апрелинде Эфиопиянын өкмөт башчысы болуп шайланган. Ал Африка өлкөлөрүндөгү премьер-министр кызматын аркалаган алгачкы мусулман болду.

1901-жылдан бери Нобель сыйлыгынын Тынчтык үчүн номинациясы 99 ирет тапшырылган. 12 жолкусунда сыйлык ыйгаруу комитети бул наамга ылайыктуу талапкер таба алышкан эмес. Сыйлык берүү жобосунда белгиленгендей, «армияны жок кылуу же кыскартуу үчүн, тынчтык форумун колдоо үчүн башкалардан көп салым кошкон» талапкер болуусу кажет.


22 жаштагы жигит Нобель сыйлыгына татыды

Медицина боюнча Нобель сыйлыгын алуучулар аталды


Альфред Нобель өз керээзинде Тынчтык үчүн сыйлык берүү укугун шведдерге эмес, норвегиялык комитетке тапшырган. Себебин түшүндүргөн эмес. Буга Норвегия парламенти  тынчтык үчүн кыймылын алгачкылардан болуп колдогондугу себеп болушу мүмкүн деген версиялар айтылып келет.

Буга чейин аталган категория үчүн Нобель сыйлыгын алгандардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт
  • Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Жозеф Чемберлен
  • Коомдук ишмер Мартин Лютер Кинг
  • Орусиялык физик Андрей Сахаров
  • Улуу Далай-Лама
  • СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачев ж.б.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM