Биз менен байланышыңыз

22 жаштагы жигит Нобель сыйлыгына татыды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 3416 | 0

Кызмат кыймылына таандык Лумина билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү 22 жаштагы румыниялык Штефан Прикопиэ (Ştefan Pricopie) экономика тармагында Нобель-юниор сыйлыгын алды.

Штефан Прикопиэ быйыл Англиядагы Манчестер университетинин социалдык илимдер факультетин аяктаган. Дипломдук иши катары «Мамлекеттик билим берүү жана акыл көчү» темасын тандап, Нобель-юниор сынагынын кароосуна жөнөткөн.

Нобель-юниор сыйлыгы бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштерине ыйгарылат. Бул жылы сынакка 50 өлкөдөн 338 окуу жай катышты. Сынакка 3 миң 400дөн ашуун дипломдук иш көрсөтүлүп, жалпысынан 25 багыт боюнча сыйлык каралды. Тапшыруу аземи ноябрда Дублин шаарында өтөт.

Кошумчалай кетсек, Штефан Прикопиэ кызмат кыймылына таандык Румынияда жайгашкан Лумина билим берүү мекемесинин курамындагы эл аралык Бухарест компюьтердик лицейин бүтүргөн. Лумина мекемелери быйыл 25 жылдыгын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM