Биз менен байланышыңыз

Коронавирус пандемиясы: 17-сентябрга карата дүйнөдөгү абал

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 610 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 29,4 миллиондон ашып, алардын ичинен 931 миңден ашууну каза болду. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча, дүйнөдө 29,8 миллион адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 940 миңден ашууну каза болгон.

Жуктурган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Анда 6,6 миллиондон ашык адамга коронавирус жуккан. Экинчи орунда Индия (5,1 миллион), үчүнчүдө — Бразилия (4,4 миллиондон ашык), төртүнчүдө — Орусия, бешинчиде — Перу (738 миңден ашуун).

Коронавирустун айынан Нью-Йорк шаарынын жоготуулары 9 миллиард долларды түздү, деп билдирди шаар мэри Билл де Блазио. Жылдык бюджеттин тартыштыгын кыскартуу үчүн Нью-Йорк шаарынын 500гө жакын кызматкери жана Билл де Блазио өзү бир жумага акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгат.  Өргүү учурунда мэр ишин уланта берет. Бул болжол менен бир миллион доллар үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш коронавирус эпидемиясын «көзөмөлдөн чыкты» деп эсептейт. Ал пандемияны глобалдык коопсуздукка «биринчи коркунуч» деп атады.

Copyright © 2017 Maral FM