Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 9 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 346 | 0

Акыркы сутканын ичинде Тажикстандын аймагында дагы 42 адам коронавирус менен катталды. Улуттук бирдиктүү порталдагы маалымат боюнча, өлкөдө бир суткада 45 адам ооруканадан чыгарылды.

Тажикстанда 30-апрелден бери жалпы 9171 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 7941 адам айыгып, 73 бейтап көз жумду. Калгандары дарыланып жатат.

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрга президенттик шайлоо белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM