Биз менен байланышыңыз

Tesla электромобилине «атаандаш» сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 354 | 0

АКШ-Кытай компаниясы Lucid Motors жаңы электромобилди сунуштады. Air деп аталган моделдин сатылышы 2021-жылга пландалган. Бул модель Tesla электромобилдеринин атаандашы катары таанылган.

Унаанын мыкты версиясы Air Dream Edition деп аталат. Ал жалпы 1095 аттын кубаттуулугун камсыз кылган эки электр кыймылдаткычы менен жабдылган.

Унаанын турган жайынан 100 км/саатка чейин ылдамдануусу 2,5 секундду алат. Ал бир жолу кубаттоо менен 810 км жол жүрө алат. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Tesla Model S моделинин эң күчтүү версиясы болгон Long Range Plus бир заряд менен 647 км жол жүрө алат.

2021-жылдын 2-кварталында Lucid Air Grand Touring деп аталган жаңы моделдин 800 ат күчүнө ээ болгон модификациясы сатыкка чыгат. Бул унаа бир жолу кубаттоо менен 830 км жол жүрө алат. Анын максималдуу ылдамдыгы 270 км/с.

Мындан тышкары, компания 2021-жылдын аягына чейин Air Touring моделинин 620 ат күчүнө ээ нускасына буйрутмаларды кабыл ала баштайт. Бул унаа бир жолу кубаттоо менен 653 км жол жүрө алат. Унаанын максималдуу ылдамдыгы 250 км/с. Ал 3,2 секундада 100 км / саат ылдамдыкка жете алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM