Биз менен байланышыңыз

Үгүт иштерине курал болгон мугалимдер

Билим-маданият , Коом | 14 Сен 2020 | 786 | 0

Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу үгүт иштери жүрүп жатат. Бирок анда административдик ресурс колдонулуп жатканы социалдык тармактарда айтылып жүрөт. Маселен, 12-сентябрда Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында мектеп директору эмгек жамаатын бийликтин партиясын колдоого үндөп, «Биримдик» партиясынын чогулушуна катышууга милдеттендирген. Райондук билим берүү башкармалыгы окуя боюнча мектеп директоруна эскертүү берди. Билим берүү жана илим министрлиги үгүт иштерине аралашкан окутуучуларга кескин чара көрүлөрүн эскертет. Ал эми 11-сентябрга карата алдыда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу адмнистративдик ресурсту кыянаттык пайдалануу боюнча 5 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди.


Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылынын Бөрү Асранкулов мектебинин директору М.Үчкемпирова  мугалимдерге кайрылып, алдыдагы парламентик шайлоодо бийликтин партиясын колдоого, “Биримдик” партиясынын талапкерлери менен боло турган жолугушууга милдеттүү түрдө катышуу талабын койгон. Бул боюнча видео Фейсбук социалдык тармагына 12-сентябрда жарыяланды. Анда М.Үчкемпирова мугалимдерди опузалап жатканын угууга болот.

 — Башка партияда иштеп жаткан мугалимдердин тизмелери берилет. «Мурда неге эскерткен жоксуң» деп, мага капа болуп жүрбөгүлө. Башка партияларда иштеп жаткан мугалимдер, ойлонуп иш кылсаңар. Мамлекеттен айлык алып жаткан соң, мамлекеттин партиясын гана колдошубуз керек. Карантин мезгилинде да айлыгыңар токтогон жок, өз убагында алып жаттыңар. Ошондуктан туура ойлонуп, чечим чыгаргыла.

11-сентябрда Үчкемпирова Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгына чакыртылып, эскертүү алган. Бирок учурда жумушун улантып жатат. Бул тууралуу аталган билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Урбай Кенеев «Маралга» кабарлады.

— Мектептин директору чакырылып, ага катуу эскертүү берилди. Бизде кысымга алуу жок. Болгону, ал жаңылышып калгандыр. Же болбосо, «Биримдик» партиясына өзү кызыкдардыр, аны биз айта албайбыз. Биз жумуштан ала албайбыз, азыр иштеп жатат. Ошол окуя боюнча эле дароо кызматтан алсак болбойт да. Дагы кайталана турган болсо, дагы көрө жатарбыз…


«Мугалимдер шайлоодогу чоң куралга айланган» (Алмазбек Бейшеналиев)


Эмгек кодексине ылайык, окутуучулардын кызматта туруп, үгүт иштерин жүргүзүшү мыйзам бузуу болуп эсептелет. Эреже бузган мугалимге алгач эскертүү берилет. Мыйзам бузуу экинчи ирет кайталанса, сөгүш жарыяланат. Үчүнчү жолкусунда кызматтан четтетилет. Эгерде мугалим үгүт иштерине катышууну кааласа, анда арыз жазып, иштен кетиши керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди. Ал министрлик үгүт иштерине катышкан окутуучуларга катуу чара көрөрүн белгиледи.

— Одоно мыйзам бузуу болуп жатат, буга сөзсүз катуу чара көрөбүз. Директордун өз милдети бар. Мектеп таза болушу керек. Мугалим сабагын өтүшү кажет. Ал эми саясат менен алектенүүгө укугу жок. Биз сабак өт, сапатын көтөр, окуучуларга түшүндүр деп басым кылабыз. Саясатты кааласа, жумуштан чыгышы керектигин баары билет. 

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик жасай турган милдеттерди белгилеп, билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин айткан.

Ал эми Башкы прокуратура Коопсуздук Кеңешинин чечимин аткаруу максатында өлкөнүн прокуратура органдары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет булактарында парламенттик шайлоого байланышкан учурларга карата тыкыр мониторг жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.

Алсак, 2020-жылдын 11-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында адмнистративдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча 5 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Жалпы 47 билдирүү иликтенди. Аталган фактылардын 26сы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов билдирди.

— Бешөө Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилди. 5 макала боюнча прокуратура тарабынан прокурордук акт чаралар келтирилген. Ал эми калган он бири боюнча жагдайлар тастыкталбагандыгына байланыштуу тактамалар түзүлгөн. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын ичинен административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча 5 факты бар. Бүгүнкү күндө белгиленген сотко чейинки өндүрүш иштеринин баардыгы боюнча ички иштер органдары тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ал үчүн 2462 шайлоо участкасы ачылат.

«Биримдикти» үгүттөгөн айыл өкмөт башчысы дагы деле кызматта

Copyright © 2017 Maral FM