Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин кызы уулуна атасынын (Шавкат) ысымын койду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 824 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева уулдуу болгонун Фейсбук баракчасына жазды. Ал уулуна Шавкат деген ысым ыйгарган.

Саида Мирзиёева Фейсбукта: «Баарыбыз үчүн дагы деле кыйынчылыктар болгонуна карабай, жашоо уланууда. Адамдар той кылып, жакшылык күндөрдү өткөрүп жатат, балдар да күн сайын төрөлүүдө. Биздин үй-бүлө дагы толукталды. Кичинекей Шавкатжон — биздин күн нурубуз. Биз аны менен жакында эле тааныштык. Ошого карабай, ага болгон махабатыбыз артып, эне-бала 24 саат биргеликтебиз»,-деп билдирүү жазган.

Өзбек интернет колдонуучуларынын көпчүлүгү президенттин кызын наристелүү болушу менен куттуктаса, айрымдары ал уулуна атасынын ысымын бергенине кызыкты. Тагыраак айтканда, «Бул президенттин кызы да мурунку президент Ислам Каримовдун кызы баскан жолдо баратат. Мурун Гүлнара Каримова уулуна «Ислам» деп ат койсо, эми Саида уулун «Шавкат» деп койду»деген сын-пикирлер жазылган.

Белгилей кетсек, Саида Мирзиёева буга чейин мамлекеттик кызматты аркалап келген. Учурда ал декреттик өргүүдө.

Мирзиёевдин кызы мамлекеттик кызматтан кетти

Copyright © 2017 Maral FM