Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев журналисттерге: Коркпогула, артыңарда президент бар

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 1737 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ферганага жасаган иш сапарында жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү менен маек курду. Ал өзүнүн президенттик кызматы учурунда эч нерседен коркпоого жана дайыма адилеттүүлүк тарабында болууга чакырды.

«Силер мага жардамчы, колдоочусуңар. Жеңишибизди да, кемчилигибизди да калкыбызга адилеттүүлүк менен жеткирүүчү күчсүңөр деп билем. 

Силерден бир нерсени гана суранам, чындыкты элге жеткирүүдөн коркпогула. Артыңарда президент бар. Ал замандар өттү. Эми аркага жол жок. Жалаң адилеттүүлүк, жалаң чындык! Канча көп чындыкты жеткире алсак, ошончолук пайда болот.

Туура, бүгүн кимдир бирөөлөр силерди жаман көрөр. Бирок силер жазган маалыматтарды жактырбаган жетекчилер баары бир соңунда бул маселени  чечүүгө аргасыз болот. Эртеби-кечпи, баары бир адилеттик заманы орнойт. Айтылган сөздөрдүн баары ишке ашат», — деди Мирзиёев.

Мирзиёев: Журналисттерди көпчүлүк жактыра бербейт, бирок мага жагат

Copyright © 2017 Maral FM