Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан жарандардан аныктама кагаздарын талап кылууну токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2020 | 1007 | 0

2021-жылдан тарта Өзбекстанда мамлекеттик органдардын жарандардан бир катар аныктама кагаздарын талап кылуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу жергиликтүү kun.uz сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, бул боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгынын долбоору жарыяланды.

Ал ишке кирсе жарандардан соттолгондугу, өздүк маалыматтары, салык карызы, катталган турак-жайы, пенсиясынын же жөлөкпулунун көлөмү, үй-бүлөлүк абалы тууралуу аныктама кагаздары талап кылынбайт.

“Ошондой эле жарандын өздүгүн тастыктоочу документтердин көчүрмөсүн, жарандардын чыгарылган сүрөтүн, социалдык-медициналык эксперттик комиссиянын бүтүмүн, кадастрдык документтерди жана көчүрмөсүн, эмгек китепчесин талап кылууга тыюу сунушталып жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эгерде жумушка алууда же кандайдыр бир иш жүргүзүүдө жаран тууралуу маалыматтар керек болуп калса, тиешелүү мамлекеттик органдар “Электрондук өкмөт” системасы аркылуу камсыздап берет. Жарлык күчүнө кирген соң жогорудагы аныктама кагаздарын талап кылган учурда мыйзам бузуу болуп саналат деп айтылат долбоордо.

Copyright © 2017 Maral FM