Биз менен байланышыңыз

Краснодарда өрттөн 54 батир күйүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 340 | 0

Орусиянын Краснодар шаарындагы «Российская» көчөсүндөгү үйдөн чыккан өрттөн акыркы кабаттагы 54 батир толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын сайтына таянып, эл аралык басылмалар жазды.

Сегиз кабаттуу имараттагы өрт 13-сентябрга караган түнү жыгач чатырдан башталган. Өрттүн жалпы аянты 4,4 миң чарчы метрди түздү. Жалпысынан аталган үйдүн 300 тургуну коопсуз жайга көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт саат 7:43тө толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Краснодар шаарында көп кабаттуу үйдөгү өрттүн очогу 7-кабатта жайгашып, сегизинчи кабатка чейин созулган. Өрт түнкү саат 02:15 чамасында чыккан.

Өрттөлүп кеткен батирлердин жашоочуларына мектепте убактылуу жайгаштыруу пункту уюштурулган. Бардык жабыр тарткандарга биринчи муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн материалдык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле, шаарда үйдүн жашоочулары үчүн гуманитардык жардам чогултуучу пункттар ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM