Биз менен байланышыңыз

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 438 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, республикадагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жана калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында (РКЖОО) карантиндик режим алынды.

Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды жаткырууну баштады.

Этиологиясы белгисиз болгон коронавирустук инфекция жана пневмония менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-түрк достук ооруканасына жаткырылат.

Ошондой эле жогоруда аталган буйруктун негизинде, №6 шаардык клиникалык ооруканасы 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды.

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы инфекциялык оорулары бар балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү.

Республикалык дерматовенерологиялык борбору профили боюнча бейтаптарды кабыл алууну баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM