Биз менен байланышыңыз

КР Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынан үмүт артууда

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 266 | 0

Орусиянын вируска каршы вакцинасын Кыргызстанга алып келүү абдан маанилүү. COVID-19 илдетине каршы күрөшүү иш-чаралардын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө коронавирус дагы деле кооптуу бойдон калууда. Орусия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарды.

«Клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Орусия акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизди. Жакынкы убакытта вакцина массалык чыгарылат деп ишенем», — деди Жээнбеков.

Орус вакцинасынын биринчи партиясы өлкөнүн аймактарына жөнөтүлдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM