Биз менен байланышыңыз

Орус вакцинасынын биринчи партиясы өлкөнүн аймактарына жөнөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 423 | 0

Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынын биринчи партиясы өлкөнүн аймактарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыны федерациянын субъектилерине жеткирүү үчүн логистикалык чынжырларды иштеп чыгууну пландаштырууда.

Ошол эле учурда, департамент тарабынан COVID-19 тобокелдигине кабылган жарандарга каршы эмдөө уюштурулат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун алдын алуу боюнча дүйнөдөгү биринчи вакцинаны өткөн айда каттады. Препарат Орусиянын Түз инвестициялар фонду менен биргеликте чыгарылат.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Сергей Глаголев Орусияда өндүрүш көбөйүп, каттоодон кийинки изилдөөлөрдөн маалымат топтолгон сайын COVID-19га каршы кеңири эмдөө башталарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM