Биз менен байланышыңыз

Трамп Бахрейн менен Израилдин ортосунда дипломатиялык алака түзүлөрүн жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 405 | 0

«Бахрейн менен Израиль дипломатиялык мамилелерди орнотууга макулдашты», — деп билдирди АКШнын президенти Дональд Трамп.

«Бүгүн дагы бир тарыхый бурулуш! Биздин эки улуу досубуз Израиль жана Бахрейн Падышачылыгы тынчтык келишими жөнүндө макулдашышты — 30 күндүн ичинде Израил менен элдешкен экинчи араб мамлекети!», — деп Трамп Twitter баракчасына жазды.

Дагы бир нотада ал Кошмо Штаттар, Бахрейн жана Израиль эки өлкөнүн ортосунда «толук дипломатиялык мамилелерди» орнотууга даяр экендигин билдирген биргелешкен билдирүүсүн жарыялаган.

Ошондой эле Бахрейн Вашингтондо Израиль менен БАЭнин ортосундагы келишимге кол коюу аземине катышары белгиленди.

Августтун ортосунда Израиль менен БАЭ тынчтык келишимине жетишкен. Ага ылайык, Израиль Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги эгемендүүлүгүн жарыялабайт жана мусулмандардын Аль-Кудс шаарындагы ыйык жерлерге баруусуна уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM