Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавируска каршы вакцинаны жарандык колдонууга чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 650 | 0

Орусиянын «Спутник V» деген аталышка ээ болгон коронавируска каршы вакцинасынын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылды. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Министрлик вакцина сапаты боюнча бардык зарыл лабораториялык сыноолордон өткөрүлгөнүн айткан. Жакында анын алгачкы партиясы аймактарга жеткирилмекчи.

Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштерин быйыл октябрда баштоо пландалууда. Бүгүнкү күндө вакцина каттоодон кийинки сыноолордон өткөрүлүп жатат. 40 миң киши катышуусу керек болгон бул сыноолор эки айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.

COVID-19га каршы эң алгачкы орусиялык вакцина каттоодон өтүп, «Спутник V» деген аталышка ээ болгонун президент Владимир Путин 11-августта билдирген. Ага чейин орусиялык фармацевтикалык компаниялар клиникалык сыноонун үчүнчү баскычына чейин вакцинаны каттоого албай турууга чакырышкан. «Дарыгердин маалымдамасы» сервиси жүргүзгөн сурамжылоого катышкан дарыгерлердин жарымынан көбү бул вакцинага ишенбей тургандыктарын билдиришкен.

Вакцина 15-августтан тартып Николай Гамалея атындагы илимий борбордо жана «Биннофарм» компаниясында өндүрүлө баштаган.

Вакцина эки түрдө – улуулар жана балдарга ылайыкташкан варианттарда болот. Балдар үчүн өтө күчтүү эмес, иммунитетине зыян келтирбегендей кылып жасап чыгарын айтышкан.

Учурда сыноо иретиндеги вакцинаны 18 жаштан жогорку адамдар гана алып жатканы, бирок  препарат жаш балдарга да ылайыкталышы керектиги белгиленди. Ушуга байланыштуу сыноо бүткөндөн кийин вакцинанын жеңилирээк түрүн да иштеп чыгуу күтүлүүдө.


Орусия коронавируска каршы вакцинанын баасын жарыялады

Copyright © 2017 Maral FM