Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавируска каршы вакцинанын баасын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 955 | 0

Орусияда коронавируска каршы вакцинанын баасы эки дозасы үчүн кеминде 10 долларды түзөт. Бул тууралуу “Россия-24” телеканалынын түз эфиринде “R-Pharm” компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Алексей Репик билдирди.

“Экспорттук баалар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда (вакцинанын эки дозасы үчүн) баасы болжол менен $10 болот. Албетте, биринчи чыкканда продукция кымбат болот”,- деди ал.

Репик белгилегендей, вакцина өндүрүү жетиштүү көлөмүнө жеткенде арзаныраак боло баштайт.

Орусиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте Гамалея илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцина 11-августта дүйнөдө биринчилерден болуп катталган. Вакцина «Sputnik V» деп аталган. Ал элдик жүгүртүүгө 2021-жылдын 1-январынан баштап киргизилет. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин анын кыздарынын бири вакцинаны сынап көргөнүн айткан.

Казакстан коронавируска каршы толук сыноодон өтпөгөн вакциналарды сатып албай турганын билдирди. Булардын арасында Орусиянын каттоодон өткөн «Sputnik V» вакцинасы да бар.

Орусиянын «Спутник V» деген аталышка ээ болгон вакцинасы бардык зарыл болгон клиникалык сыноолордон өтпөгөнү белгилүү. Ал мамлекеттик каттоого алынгандан кийин сыноонун үчүнчү баскычынан өткөрүлөт. Орус өкмөтү алгачкылардан болуп бул вакцинаны медицина кызматкерлери жана мугалимдер аларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM