Биз менен байланышыңыз

Асел Кадырбекова кырсыктан кийинки алгачкы кайрылуусун жарыялады

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыкка кабылгандан кийин Инстаграмдагы баракчасына алгачкы билдирүүсүн жарыялады.

«Салам достор! Менин абалым жакшы болуп бара жатат. Албетте толук айыгуу үчүн убакыт керек. Дарыгерлерге, апама, жолдошума, жакындарыма, досторума, кесиптештериме жана силерге ыраазымын. Мени менен, кызым менен, туугандарым менен бирге болгонуңар үчүн рахмат. Силердин дубаңар мени сактап, жашоого, кызыма, жакындарыма кайтарды. Мен «элдин кызы» болгонумду билбептирмин. Сиздерге ыраазычылыгымды билдирүү үчүн бул сөздөр жетишсиз. Келечекте өтө көп пландар бар», — деп жазган Кадырбекова.

View this post on Instagram

Привет друзья! Со мной все лучше и лучше. 🙏🏻 Конечно нужно время, что бы полностью восстановиться 🤲🏻 Спасибо врачам, маме, папе, мужу, родственникам, друзьям, коллегам и всем вам. 😘🙏🏻 Что вы, были со мной , с дочкой, с моими родными. 😘🤲🏻Обязательно как станет лучше, напишу видео с большим благодарением. 🙏🏻 Именно Ваши молитвы спасли, вернули меня к жизни, к дочке, к родным. 🤲🏻 Я и не знала, что я стала «Дочкой народа» Этих слов не хватит, сказать мою благодарность Вам. Впереди очень много планов на будущее, главное поправится. 🙏🏻 Дай бог осуществится им. 😘🤲🏻 Берегите себя. 🌺 #фотоархив

A post shared by Asel Kadyrbekova (@aselkadyrbekova) on

Ал кийинчерээк видео кайрылуу жасай турганын кошумчалаган.

Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жеткирилип, бир жума эс-учун билбей жаткан.

Окуя Бишкек шаарында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Асел Кадырбекова башкарып бара жаткан «Тойота» унаасын «Патруль» ыкчам реакция жасоо тобунун унаасы катуу ылдамдыкта бара жатып сүзгөн.

Жакында эле Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү ырчыны автокырсыкка кептеген айдоочуну кечиргенин билдирди.

Нурлан Насиптин айтымында, ал кырсыкка себепкер болду деген айдоочуну аялы үчүн кечирген. Ал эми тосмо арызды анын кайненеси, Кадырбекованын апасы жазып берген.

— Асел өзүнө келип, жашоого кайтканына Кудайга миң мертебе ыраазыбыз. Бир четинен бул бөөдө кырсык. Бирок Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) айдоочусу жубайымдын автоунаасын катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Башында аябай жинденгенбиз. Бирок кийин кайра ойлонуп, ал жигиттин тагдырын талкалабай эле коелу деп чечтик, — деген ырчынын жолдошу.

Copyright © 2017 Maral FM