Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыгына кабылган Асель Кадырбекованын абалы оор

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 4611 | 0

Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түштү.

Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болгон. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алган.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, кырсыктан жабыркаган Асель Кадырбекова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Ырчынын мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганы айтылды.

Маалыматка ылайык, 26-июнда саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталып, ыкчам реакция жасоо тобунун унаасы менен «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

Асель Кадырбекова жолдошу ырчы Нурлан Насип экөөнүн бир кызы бар.

Copyright © 2017 Maral FM