Биз менен байланышыңыз

Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, жакындарын тааный баштады

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 7 Июл 2020 | 3196 | 0

Жол кырсыгына кабылып, комага түшүп калган ырчы Асель Кадырбекованын ден соолугунда жакшы жакка жылыш бар. Ал өзүнө келе баштады. Бул тууралуу трамвотолог-ортопед Сабырбек Жумабеков Kaktus.media басылмасына билдирген.

Жумабековдун маалыматында, Кадырбекова жандандыруу бөлүмүнөн, катардагы бөлмөгө которулган. Учурда аны апасы карап жатат. Ал бираз сүйлөп, апасы жана башка жакындарын тааный баштаган. Ошондой эле тамакты да түтүкчө аркылуу эмес, кашык менен иче баштаган.

Эске салсак, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болгон. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Кырсыктан жабыркагандардын бири Асель Кадырбекова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Ырчынын мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганы айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM