Жол кырсыгына кабылып, комага түшүп калган ырчы Асель Кадырбекованын ден соолугунда жакшы жакка жылыш бар. Ал өзүнө келе баштады. Бул тууралуу трамвотолог-ортопед Сабырбек Жумабеков Kaktus.media басылмасына билдирген.
Эске салсак, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болгон. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Кырсыктан жабыркагандардын бири Асель Кадырбекова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Ырчынын мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганы айтылган болчу.