Биз менен байланышыңыз

АКШ Өзбекстанга 200 ИВЛ аппаратын белек кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 250 | 0

Америка Кошмо Штаттары Өзбекстанга 200 ИВЛ аппаратын берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов жана АКШнын Өзбекстандагы элчиси Даниэл Розенблюмдун катышуусунда АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу COVID-19 менен күрөшүүгө жардам катары берилген 200 заманбап жасалма дем алдыруучу аппаратын тапшыруу аземи өттү.

Салтанатта аппараттардын артыкчылыгы, колдонууга жеңил, көп функциялуу экени жана бейтаптарды ар кандай унаа каражаттарында ташуу процессинде колдонулары белгиленди.

Белекке берилген аппараттар саламаттыкты сактоо мекемелеринин техникалык инфраструктурасын жана Өзбекстандын климаттык шарттарын эске алуу менен атайын буйрутма менен чыгарылды.

Мүнөздөмөлөрүнө ылайык, бул аппараттар стационардык дарыланууда жана бейтаптарды авиациялык медициналык транспортто же тез жардам унааларында ташууда интенсивдүү терапия үчүн колдонулат.

Учурда республиканын медициналык мекемелеринде 2 миңден ашуун ИВЛ аппарат бар.

Copyright © 2017 Maral FM