Биз менен байланышыңыз

Паспорт кандайча пайда болгон? 

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 901 | 0

Идентификация тарыхта мөөр, татуировка, кийинчерээк документ түрүндө жасалган. Алгачкы паспорттор саякатчыларды коргоо максатында чыгарылган. Азыр адамдарда биометрикалык чип менен заманбап түрдөгү паспорттор бар. Алар келечекте дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Мамлекеттер да жок болгон мезгилдерде

Адам мамлекеттин жараны болушу үчүн биринчи кезекте, мамлекет деген түшүнүк болуш керек. Паспорт да, жарандык да мамлекетсиз жашай албайт. Ал эми адамзаттын байыркы тарыхында мамлекет деген түшүнүк болгон эмес. Биринчи мамлекеттүүлүктүн тарыхынын фактылары биздин заманга чейинки 3700-жылдан башталат. Бирок ошондо дагы мамлекеттүүлүк эмес, көптөгөн адамдардын жамааттары болгон.

Жарандык — «citizenship» деген сөз латынча «шаар» деген сөздөн келип чыккан жана «шаардык» дегенди билдирет. Анткени илгерки замандарда адамдар өзүлөрүн шаардык деп атоону артык көрүшкөн. Жарандык деген түшүнүк байыркы Грецияда миң жыл мурун калыптана баштаган. Кийинчерээк Римде жарандык деген термин бардык жарандарга империянын аймагында эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн колдонула баштаган.

Паспорт алгач жол жүрүү документи катары түзүлгөн. Ошондой эле биринчи паспорттор эл аралык саякат учурунда коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Себеби кемелер менен саякаттоо ошол мезгилдерде салтка айланган.

Пломбалар, беткаптар жана татуировкалар

Алгачкы мезгилдерде — биздин заманга чейинки 3100 жыл — паспорттор кагаз түрүндө гана эмес, ар кандай формада, мисалы, падышалык мөөр, беткап же татуировка түрүндө болгон.

Беткаптар алгач Батыш Африка өлкөлөрүндө колдонулган. Бир уруу окшош сырткы көрүнүштөгү беткапты кийип, башка уруулардан айырмаланат. Мындай көрүнүшкө таандык экендигин билдирген беткап кийген адамдар соода-сатык кылып, эркин саякатташкан.

Татуировка түрүндөгү жарандык символ Неолит доорунан бери келе жатат. Мумияланган теринин калдыктары дагы табылып, адамдар ушундай жол менен белгиленгендигин далилдешти. Кийинчерээк байыркы гректер өзүлөрүнүн тыңчыларын аныктоо үчүн көрүнбөгөн сыя менен түшүрүлгөн татуировкаларды колдонушкан.

Римдиктер болсо кылмышкерлер менен кулдарды башкалардан айырмалоо үчүн татуировканы колдонушкан.

Урматтоо белгиси бар металл плиталар

Римде биздин замандын 52-жылы аскердик паспорт деп аталган документтер бериле баштаган. Дипломдор Римдеги жарандарды таануунун натыйжалуу жолу болгон.

Бул аскердик диплом металл плиталар түрүндө жана колодон жасалган. Металл диплому анын ээси Рим армиясында ийгиликтүү кызмат өтөп, сыйлык катары Рим жарандыгын алгандыгын көрсөтөт. Мындай дипломдор 25 жыл армияда толук кызмат өтөгөндөн кийин берилди.

Туристтер үчүн биринчи уруксат

Орто кылымдардагы абалды элестетүү үчүн Биринчи дүйнөлүк согушка чейин 500 жыл мурун деле адамдардын көпчүлүгүндө өздүгүн тастыктаган документтер болгон эмес деп айтууга болот.

Кийинчерээк Франциянын падышасы Людовик XIV «пассе порту» деп аталган документке кол койгон. Бул документтин түзмө-түз котормосу «порт аркылуу саякатчы» дегенди билдирген. Орто кылымдарда паспорт бийлик тарабынан, негизинен чет элдик саякатчыларга берилип келген. Паспортто саякатчы бара турган шаарлар жана аймактар ​​көрсөтүлгөн. Бул саякатчыга каалаган аймагында эркин жүрүүгө шарт түзгөн. Чет элдиктердин паспорттору деңиз портторунда текшерилген.

Европада

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин гана Европада паспорт системасы тездик менен өнүккөн. Буга миграция, темир жол каттамдары жана байлык топтоо тенденцияларынын өнүгүшү себеп болгон. Ошол учурда бүтүндөй үй-бүлө үчүн бир гана кагазга жазылган документ паспорт катары кызмат кылган.

Кошмо Штаттарда

Американын алгачкы күндөрүндө паспорттор Бенжамин Франклиндин атынан Францияга кеткендерге гана − өтө эле аз адамдарга− берилген. Бул биринчи паспорттор француз моделине негизделип, бир барактан турган. Алар 6 айда бир жаңыланып турушу керек болчу. Америка Кошмо Штаттарында мамлекеттүүлүк гүлдөп өнүккөндө, 1789-жылдан баштап, бардык жарандарга паспорт берүү маселеси карала баштаган.

1810-1910-жылдар аралыгында адамдарга 500 миңден ашуун паспорт таратылган. Алар биринчи кезекте топтор жана үй-бүлөлөр үчүн иштелип чыккан. Биринчи паспорттор эркектерге берилген, эгер үй-бүлө атасыз болсо, анда уул же эне паспорт алган.

Италияда

Италияда паспорт биринчи жолу Наполеондун тушунда берилген. 1815-жылы Наполеон жеңилгенде, ага паспорттун ордуна бир аймактан экинчи аймакка өтүүгө уруксат берилген. 1861-жылы Италия падышалыгы түзүлгөндөн кийин гана паспорт мамлекеттин аймагында милдеттүү документ болуп калган.

Японияда

Япониядагы биринчи саякат документ 1866-жылы чыккан. Бул документтин жардамы менен адамдар билим алуу жана бизнес чөйрөсүндө чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. 1878-жылы биринчи жапон паспорту пайда болгон.

Бүгүн жана келечек

Бүгүнкү күндө ар бир мамлекет өз жарандарына өздүгүн жана жарандыгы жөнүндө документтерди берүүнү адатка айланткан.

Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин кагаз паспорттор жоголуп, анын ордуна бардык маалыматтар санарип түрүндө сакталып, кийинчерээк адамдын денесине жайгаштырыла турган нано паспорттор түзүлөт деген божомолдор айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM