Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстанга 4.7 млн доллар грант бөлөт

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 498 | 0

Япония Кыргызстанга 4.7 млн доллар (500 млн иен) грант бөлөт. Бул келишимди Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети жактырды.

Маалыматка ылайык, келүүчү каражатка медициналык жабдыктар сатылып алынат.

«Саламаттык сактоо тармагында каржы тартыш болгондуктан, заманбап жана жогорку технологиялык диагностикалык медициналык жабдуулардын жетишсиздиги байкалууда. Ошондон улам, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, КР Өкмөтү заманбап диагностикалык медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн кошумча каржы табуу маселесинин үстүндө иш жүргүзгөн.

Япония Өкмөтү менен саламаттык сактоо уюмдарына заманбап диагностикалык медициналык жабдууларды сатып алууга 500 млн япон иенин грант катары берүү макулдашылды. Бул грантты алуу Япония Өкмөтүнүн жардамы менен Япониядан жогоруда аталган медициналык жабдыктарды сатып алууга мүмкүндүк берет», — деп жазылат маалыматта.

Долбоор эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан Алмашуу ноталарына кол коюлгандан кийин башталат.

Copyright © 2017 Maral FM