Биз менен байланышыңыз

COVID-19дан айыккандардын саны 38 миң 649га жетти

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 474 | 0

Кыргызстанда сутка ичинде 190 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 106, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда – 14, Талас облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда – 6 Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда 13 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 649 адамга жетти.

1-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 60 учур катталды. Муну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 958 адамга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM