Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту жуктуруп алгандар азайды. Соңку суткада 60 учур аныкталды

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 338 | 0

Акыркы сутка ичинде коронавирустан 1 бейтап каза болду. Ал Бишкек шаарында жашап жаткан.

Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 60 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  1. Бишкек ш — 13
  2. Ош ш – 1
  3. Чүй облусу – 2
  4. Ош облусу – 7
  5. Талас облусу — 3
  6. Нарын облусу – 1
  7. Ысык-Көл облусу – 3
  8. Жалал-Абад облусу – 14
  9. Баткен облусу – 16.

Муну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 958 адамга жетти.

Ал эми сутка ичинде дарыланып жаткан 194 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды.

Өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 38 649ду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM