Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 750 млн куб метрди түздү

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 356 | 0

Бүгүн, 28-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 750 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Бул көлөм былтыркыга салыштырмалуу аз болуп саналат.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 510 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 223 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM