Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 29-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+15, күндүз +27…+29;
Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+26;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+18, күндүз +25…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+27;
Нарында түнкүсүн +9…11, күндүз +22…+25.
Бишкек шаарында 29-августта жаан жаабайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.