Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейди 150 койка орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүү 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Бүгүнкү күндө, бардык зарыл демонтаждык иштер, ички желдетүү, терезе блокторду орнотуу, бардык 3 кабаттын полдордун линолеум менен тѳшѳѳ, такталарды каптоо, сырткы бетин штукатуркалоо жана скважинанын бургулоо иштери 100% аяктады.
Учурда объектиде 51 адам иштеп жатат. Сырткы суу түтүктөрү жана канализация боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле санитардык шаймандардын орнотуусу башталды.
Бул жумуштар үчүн подряддык уюмга 10 млн сом чегерилген.