Марал Радиосу

Ош облусундагы лицейди инфекциялык ооруканага профилдештирүү 80% аткарылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейди 150 койка орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүү 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бүгүнкү күндө, бардык зарыл демонтаждык иштер, ички желдетүү, терезе блокторду орнотуу, бардык 3 кабаттын полдордун линолеум менен тѳшѳѳ, такталарды каптоо, сырткы бетин штукатуркалоо жана скважинанын бургулоо иштери 100% аяктады.

Учурда объектиде 51 адам иштеп жатат. Сырткы суу түтүктөрү жана канализация боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле санитардык шаймандардын орнотуусу башталды.

Бул жумуштар үчүн подряддык уюмга 10 млн сом чегерилген.

Exit mobile version