Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу онлайн дебат болуп өттү

Коом , Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 1093 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу “NGen” коомдук бирикмеси жана Республикалык Дебат Борбору менен биргеликте Zoom тиркемеси аркылуу онлайн форматтагы дебат өткөрүлдү. Бул тууралуу “NGen” коомдук бирикмеси кабарлады.

Байгелүү орундарды алган тайпалар акчалай сыйлыкка, “NGen” коомдук бирикмесинин каалаган курсун бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө жана сертификаттарга ээ болушту. Бирикме өкүлдөрү «Маралга» кыскача маек курду.

-Онлайн дебат өлкөбүздө канчанчы жолу өткөрүлүп жатат жана бул дебаттын негизги максаты кандай?

-Азыркы кырдаалга ылайык жаштардын убактысы бекер кетпеши үчүн, окуучулардын, студенттердин көңүлүн билимге буруу максатында уюштурдук. Мамлекетибизде онлайн дебат биринчи жолу уюштурулду. Буга чейин болгон эмес.

-Бул жарышта кайсы темалар боюнча талкуу жүрдү?

-Жалпы 8 тема берилген: “Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдөн өрнөк алса сөзсүз өнүгөт”, “Билим берүү тарбия берүүдөн башталат”, “Миграция экономикабызды көтөрүп жатат” ж.б.

-Талкуу канча убакытты талап кылды? Катышуучулардын саны канча адамды түздү, башкача айтканда канча тайпа ат салышты?

— 22-августтан 25-августка чейин болду. Жалпы 20 топ катышып, жеңилген топтор ошол жерден дароо оюндан четтетилди.

-Онлайн дебаттын жөнөкөй дебаттан айырмачылыгы эмнеде?

-Айырмачылыгы чоң. Жөнөкөй дебатта бетме-бет олтуруп талкуулашса, онлайнда видео аркылуу сүйлөштү. Онлайн дебатта сүрдөө дагы азыраак болуп, өзүнүн ойлорун кенен билдиришти. Акчалай сыйлыкты онлайн тапшырдык. Буйруса, сертификаттарды жакында өздөрүнө тапшырабыз.

-Кайсы топтор жеңишке жетишти жана кандай сыйлыктарга ээ болушту?

— Калыстардын чечими менен 1-орунду “ЖаХо” тобу, 2-орунду “Биримдик”, 3-орунду “Бинго” тобу алды. Акчалай сыйлыктарга жана “NGen” коомдук бирикмесинин каалаган курсун бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө жана сертификаттарга ээ болушту.

-Ар бир таймашта калыстар тобу эң чоң ролду ойнойт. Бул онлайн жарышта кимдер калыстык кылды?

-Калыстар тобунда 5-6 жылдык тажрыйбасы бар, эл аралык дебатерлор болду. Республикалык Дебат Борборунан 4 калыс, “NGen” бирикмесинен 3 калыс болду.

-Ыраазычылык билдиребиз. Онлайн дебаттар мындан ары дагы улана берсин. Ийгилик!

Маекти даярдаган Махбуба Сайпилаева 

Copyright © 2017 Maral FM