Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 1200 мектеп компьютердик техника менен камсыздалат

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 964 | 1

Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1200 мектепти компьютердик техника менен камсыздоо пландаштырылган. 2020-жылдын 1-декабрына чейин 10 мектепте «Келечектин мектеби» модели ишке кирет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мектептерди сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо багытындагы иштер улантылып жатат.

Өлкө боюнча 2 292 мектептин 99% интернетке туташтырылган. 14-августта Өкмөттүн жыйынында интернет тартууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон 9 мектепти интернетке кошуу боюнча иштер аткарылып жатканы айтылды.

«Санарип Кыргызстан» программасынын «Акылдуу мектеп» компонентинин алкагында электрондук күндөлүк, электрондук китепкана, электрондук мугалим, электрондук окутуу багытында иштер жүрүүдө. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 10 мектептин химия, биология, физика кабинеттерин заманбап лабораториялык (электрондук) жабдуулар менен камтуу боюнча иштери башталды.

1 пикир

1 пикир

  1. Баатырбек

    26.08.2020 22:57

    Каяктагыжомокту айтып жатасынар. Биздин мектепте2003-жылкы компьтерлер менен биз. Аныбыз да 5 даана.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM