Биз менен байланышыңыз

ИИМ эскертет: Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 555 | 0

Ички иштер министрлиги жалган маалыматты тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ WhatsApp тиркемеси аркылуу аудио билдирүү тарап, анда түнкү убакта учактар менен дары чачып, андан балдар ооруй тургандыгы айтылган.

«Бул багытта ИИМ тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө. ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу) ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына «102» кызматы аркылуу маалымдасаңыздар болот», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Түнкү убакта дары чачып жүрүшөт деп WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудио билдирүү чындыкка дал келбей тургандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) да маалымдады.

ӨКМ жарандардан такталбаган маалыматты жайылтпоону суранат.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаал министрлиги дезинфекциялык иш-чараларды жөө жүрүп же өрт эсептөөсүн тартуу менен жүргүзүшөт, жолдор жана имараттар дезинфекцияланат.

Copyright © 2017 Maral FM