Connect with us

«ПолитКлиника» белгисиз адамдар журналисттери тууралуу маалымат чогултуп жатканын билдирди

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 211 | 0

«ПолитКлиника» медиасы өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери катары тааныштырып, мекеменин жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызы жана журналисти Адахан Аманатовдун жеке маалыматтарын чогултуп жатканын жазып чыкты.

«ПолитКлиника» медиасынын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жакын туугандарына жана журналисти Адахан Аманатовдун окуп кеткен мектебине барып, УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырган белгисиз адамдар алар тууралуу маалыматтарды сураштырышкан.

Редакция келген адамдардын өздүгүн аныктоо мүмкүн болбогондугун, бул тууралуу редакция расмий органдардан маалымат алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Ушундай эле маалыматты «Апрель» медиасы да кабарлап, өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар кабарчы Юлия Кулешованын жеке маалыматтарын чогултуп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM