Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген аскердик дарыгерлер миссиясын аяктап мекенине кайтышты

Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 560 | 0

Орусиядан атайын келген дарыгерлер Канттагы аскер базадан узатылды. Башкы штабдын маалыматы боюнча, Орусиянын Коргоо министрлигинин дарыгерлери коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган миссиясын 21-августта аякташкан. Ушул эле күнү учак менен учуп кетишти.

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча, Бишкек жана Ош шаарларындагы аскер ооруканаларында биргелешкен бир айлык иш-чаранын жүрүшүндө 19 дарыгер, алардын ичинде пульмонолог, анестезиолог жана терапевт 400дөн ашык бейтапка медициналык жана консультациялык жардам көрсөтүшту.

«Ушундай оор мезгилде Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик медициналык топторду Кыргызстанга керектүү жабдуулар менен жөнөтүп, бизге жардам берди. Бул жардам мамлекеттер менен биздин Куралдуу Күчтөрдүн ортосундагы достук, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат«, — деди Башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев дарыгерлерди узатып жаткан учурда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM