Биз менен байланышыңыз

22-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 526 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 22-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+16, күндүз +29…+33;

Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+23;

Нарында түнкүсүн +8…+10, күндүз +22…+24.

Бишкек шаарында 22-августта жаан жаабайт.

Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+33 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM