Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 609 млн куб метрди түздү

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 282 | 0

Бүгүн, 21-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 609 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 667 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 335 куб метрге жетүүдө.

Былтыркы жылы бул убакытта  Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16,8 млрд. куб метрди түзгөн.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM