Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы бир адам каза тапты

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 441 | 0

Акыркы суткада коронавирустан бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында бир жаран коронавирустан каза болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-августка карата коронавирус жуккан учурлардын саны 42 миң 703кө жетти. Алардын ичинен 35 миң 831 киши илдеттен айыгып чыкты, ал эми 1055 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM