Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Эми коронавирус да сасык тумоо сыяктуу дайым катталып турат

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 1062 | 0

Эми коронавирус сасык тумоо сыяктуу ар дайым катталып турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова “Маралга” берген маегинде айтты. Ал белгилегендей, вирустун табияты өзгөрүп турат.

-Коронавирус алгачкы жолу 2002-жылы катталган. Быйыл чыкканын изилдөөчүлөр изилдеп, COVID-19 деп аташты. Оору катталган сайын вирустун штаммы өзгөрүп турат. Кыргызстанда жайылып баштаган маалда, март айында, аябай жеңил түрүндө өткөн. Бир жолу дене табы көтөрүлүп эле өтүп кеткен. Кийин июнь-июль айларында дагы өзгөрүп, пневмония болуп башташты. Октябрь айында келе турган толкундун кандай болорун айтуу кыйын.

Дарыгер биринчи толкунда калктын басымдуу катмарына жукпаганын эске алып, кийинки толкунда ооругандар көп болорун божомолдоду. Анткени инфекция учурунда калктын 80% ооруп чыгат.

-Күзүндө аба нымдуу болот. Вирус нымдуу абада бат жайылат. Бир адам орточо эсеп менен 14 адамга жугузушу мүмкүн. Ошол үчүн эрежелерди так сактап, коргонуу азыр да актуалдуу,- деди дарыгер.

Copyright © 2017 Maral FM