Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.
Вирусту жуктуруп алган жаңы учурлар:
• Бишкек ш. – 3
• Баткен облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1 учур.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан, 7 медициналык кызматкер үй карантининен айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3045 учур катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыгып чыкты.
Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 42 325 адамды түздү. Анын 35 миң 197си айыккан.