Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын 88% айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 424 | 0

Өзбекстанда акыркы суткада 252 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Муну менен бейтаптардын жалпы саны 36 352 болду.

Расмий маалымат боюнча, бир күндө коронавирустун кесепетинен 2 бейтап көз жумган.

Оору жуктургандардын арасынан 32 062 адам айыккан. Бул көрсөткүч 88 пайызды түзөт. Оору жуккандан кийин 242 адам көз жумган.

19-августка карата дүйнө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 22 миллиондон ашты. Оорудан 778 557 адам көз жумду. 14 миллиондон ашуун адам илдеттен сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM