Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосунун жаңы тиркемеси иштелип чыкты

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 830 | 0

«Марал» радиосунун жаңы тиркемеси иштелип чыкты. Ал аркылуу эми дүйнөнүн булуң-бурчунан радиону онлайн түрүндө уга аласыз. Тиркеме аркылуу социалдык тармактардагы баракчаларга баш багып, сайтыбызга да түз кире аласыз. Андан тышкары тиркеме аркылуу студияга телефон чалууга болот. Төмөнкү шилтемелерди басып, телефонуңузга көчүрүп алсаңыз болот.

-Android үчүн шилтеме
-iOS үчүн шилтеме 

«Марал» радиосу онлайн платформаларында да активдүүлүгүн көрсөтөт. Өзүнүн www.maralfm.kg сайты жана бардык социалдык тармакта өз баракчасы бар.

Тиркемени жасаган Америкадагы кыргыз мекендештерибиздин Peaksoft компаниясына ыраазычылык билдиребиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM