Депутат Дастан Бекешев быйылкы парламенттик шайлоого “Реформа” партиясы менен барат. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.
Дастан Бекешев 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан КР Жогорку Кеңешининин 5-чакырылышына депутат болуп шайланып, 2015-жылы 6-чакырылышка КСДПдан барган.
“Реформа” партиясынын төрайымы — Клара Сооронкулова. Андан сырткары, партиянын тизмесинен Урмат Жаныбаев, Рита Карасартова, Эркин Нурбаев, Азият Жекшеевдерди көрүүгө болот.