Бишкек шаарында дагы 4 стационар жабылат. Буга стационарга кайрылгандардын саны азайганы себеп болгонун бүгүн, 17-августта, мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
18-августтан тарта төмөнкү стационарлар жабылат:
— Жайыл баатыр көчөсүндөгү «Газпром» комплексиндеги күндүзгү стационар;
— Чыгыш-5 кичи районундагы Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексиндеги стационар;
— №68 мектеп-гимназиядагы стационар;
— №96 орто мектептеги стационар.
Ал эми Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү жана 12-кичи райондогу «Бишкек наабайкана» муниципалдык мекемесиндеги күнү-түнү иштеген стационар ишин улантат.
«Кечээ 6 стационарга 150 адам кайрылды. «Бишкек наабайкана» муниципалдык мекемесиндеги күнү-түнү иштеген стационар 174 адамды кабыл алды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Бишкек шаарындагы бейтапканаларда 2 миң 247 медицина кызматкери иштейт. Алардын көбү «кызыл зоналарда» иштеп, COVID-19 вирусуна чалдыккан.