Биз менен байланышыңыз

18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 355 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 18-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаайт. Ошондой эле күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

18-19-августтагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+16, күндүз +21…+23;

Таласта түнкүсүн +10…+13, күндүз +21…+22;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+16, күндүз +19…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+12, күндүз +18…+21;

Нарында түнкүсүн +9…+12, күндүз +18…+19.

Бишкек шаарында 18-августта жаан жаайт.

Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +22…+25 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM