Биз менен байланышыңыз

Орусиядан Өзбекстанга 40 дарыгер жардамга жөнөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 432 | 0

16-августта Орусиядан 40 медициналык кызматкер Covid-19 менен күрөшүүгө Өзбекстанга барышты. Бул тууралуу штабдын башкармалыгынын мүчөсү Барно Абдусаматова билдирди.

Анын айтымында, бир айдын ичинде орусиялык дарыгерлер өзбек адистери менен биргеликте практикалык жана усулдук жардам көрсөтүп иштешет.

«Орусиядан келген адистердин арасында анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, эпидемиологдор жана терапевттер бар. Алардын бардыгы Covid-19 диагнозу коюлган бейтаптарды дарылоодо тажрыйбага ээ», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Орусия өз медициналык адистерин коронавирус илдети менен күрөшүүдө Кыргызстанга дагы жиберген.

Кечээ, 16-августта, Орусиядан келген дарыгерлер тобун жетектеген Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов онлайн жыйынга катышып, орусиялык топ өз ишин жыйынтыктаганын, Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM