Республикалык штаб билдиргендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Ош ш. – 3
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Баткен облусунда – 3
• Чүй облусунда – 1
• Ош облусунда – 4
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 10 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3030 учур катталды, алардын ичинен 2328 медкызматкер айыгып чыкты.
16-августка карата өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 41 865 адамды түздү. Анын 34 миң 306сы айыгып чыгып, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1495 адам каза тапты.
16-июль: Дагы 211 адамдан коронавирус аныкталды