Биз менен байланышыңыз

Темир Сариев менен Кубанычбек Исабеков “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына кошулду

Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 2903 | 1

15-августта коомдук-саясий ишмер, парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулганы маалым болду. Ал эми «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев менен сүйлөшүү жүрүп жатат. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына 7 партия кошулган.

Алар:

1) “Кыргызстан коммунисттер” партиясы – Исхак Масалиев
2) “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу
3) “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Бектур Асанов.
4) “СССР” партиясы – Ишенбай Кадырбеков
5) “Ак калпак” партиясы – У. Маматаев
6) “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.
7) “Бүткүл жаштар” партиясы – Ч. Капаров.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.

1 пикир

1 пикир

  1. АДК

    17.08.2020 11:55

    Бүтүн Кыргызстан Алга…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM