Биз менен байланышыңыз

Дагы 12 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 386 | 0

15-августка карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ошондой эле 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 18 медициналык кызматкер сакайды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  3018 учур катталды, алардын ичинен 2315 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда коронавирустун айынан көз жумгандардын жалпы саны 1493кө жетти. Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 41 645ти түздү, анын 34 миңдейи айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM