Биз менен байланышыңыз

«Batken Natural KG» кургатылган өрүктөрдү үйүңүзгө акысыз жеткирет

Блог , Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 4602 | 0

Баткен облусу өрүк менен таанымал. Аймакта өрүкзар 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Баткенде бир жылда 10 миң тоннадай өрүк кургатылат. Акыркы жылдары эл өрүктөн эле 7 млрд сом пайда көрө башташканын расмий бийлик жарыялап келет. Жергиликтүү тургундар продукцияларын чет өлкөлөрдө да сатып жатышат. Бул аймакта өрүктүн көптөгөн түрү өндүрүлүп, кургатылып КМШнын бир катар өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. 

Негизи өрүк кактын эки түрү болот. Дарыланган жана дарыланбаган. Экөөнүн тең пайдасы жакшы. Ошентсе да, өндүрүүчүлөр дарыланбаган гана продукцияны колдонууну сунуштайт.

Өрүктү дарылабай кургатып, пайдалуу жемишти өлкө аймагына акысыз жеткирип берген ишкерлердин бири — Баткендин тургуну Мундузбек Темиркулов. Ал негиздеген «Batken Natural KG» ЖЧКсы алгачкы продукцияларын сатууга чыгарды. Жергиликтүү өндүрүштөрдү жайылтууну көздөгөн ишкер компаниясы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

— «Batken Natural KG» компаниясы 2020-жылдын июнь айында ишти баштады. Натуралдык товарларды сатабыз. Учурда Баткендин бренди болгон “курмайы” сортундагы кургатылган өрүктүн 2 түрүн: данеги менен данексиз кылып даярдап сатабыз. Өлкө ичинде кайсы облуста болгонуна карабастан жашаган шаарына чейин акысыз жеткирип беребиз.

Ишкананы ачуу идеясы карантин учурунда келди

-Негизи буга чейин көп жылдардан бери кургатылган жемиштер менен алектенип келгенмин. Бул жагынан тажрыйбам көп эле. Документтерин даярдап ишкана кылып алып чыгуу идеясы май айында карантин учурунда келди. ЖИА бизнес ассоциациясынын Баткендеги балдары жардам берди. Ошолордун жардамы менен документ иштерин бүтүрүп, ишкананы ачтым.

Натуралдык продукциялар чет өлкөлөргө экспорттолот

— Өрүктү Орусияга, Америкага экспорттоо пландары болуп жатат. Ошондой эле, өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу керек.

Болгарияга бал бергени жатабыз. Таластын төө буурчагын Ооганстанга жөнөткөнү жатабыз. Учурда алар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргызстандын табигый өндүрүштөрүн эл аралык аренага чыгаруу аракетиндебиз.

Андан сырткары, кургатылган өрүк менен сүзмө кошуп өрүк-курут жасоо планы турат.

Товарлардын өзгөчөлүктөрү

Биздин товарлар табигый, нукуралыгы менен айырмаланат, ошондой эле биз кардардын каалаган жерине бекер жеткирип беребиз. (жашаган шаарына чейин акысыз, айылына чейин акы алынат).

-дарыланбаган өрүк данеги менен — 300 сом;

-данексиз — 350 сом.

-Данексиз өрүктү башка жактарда дарылап, «алтын күкүрткө» чылап, анан данегин сыгып салып кургатышат. А бизде табигый бойдон жасалгандыгы менен айырмаланат. Баргек (данексиз өрүк как) кылуу үчүн атайын дарыны колдонбогондуктан, кооз кылыш бираз көйгөй жаратат, анын кургашы кыйын болот. Бирок биз жасаганга көнүп калганбыз, ошондуктан дары колдонбой жасайбыз.

Кургатылган өрүк кактын пайдасы кандай?

— Кактарга ууланбайсыз.

— Алар абдан таттуу жана тоюмдуу болушат, курамында шекердин ордуна глюкоза менен фруктоза бар.

— Организмге пайда алып келүү үчүн көп жештин кереги жок. Мисалы, күнүнө 5-6 даана кара өрүктүн кагы чың ден соолук үчүн толук жетиштүү.

— Кактарда көп өлчөмдөгү пайдалуу заттар бар: В витамини, натрий, магний, калий, темир, йод.

— Күнүнө 5-6 даанадан желген как иммунитетти көтөрөт, чачтын, теринин абалын жакшыртат.

-Тамак-аш сиңирүүдө пайдалуу.

-Стресстен сактайт жана аз кандуулуктун алдын алат.

-Курамындагы А витамини тери ооруларын дарылоодо оң таасир берет.

-Кырк жаштан ашкан аялдардын организминде эстроген азаят. Эстроген азайганда, көңүлү эч нерсеге келбей, маанайы чөгөт. Мындай учурда адам (көбүнчө аялдар) күнүгө беш- алтыдан өрүк жеп турса, ошол жок болгон эстрогендин ордун толуктайт.

Кургатылган өрүктүн кайсы органдарга кандай пайда берерине кененирээк токтолсок:

Өрүк адамдын жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Курамындагы витаминдер менен микро элементтер аз кандуулукту жана кальцийге болгон жетишсиздикти жок кылат. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказанды, боордун жана өттүн иштешин жакшыртат. Денедеги шлактарды чыгарат. Өрүктө калий витамини бар. Калий – жүрөк кан тамыр оорулары үчүн табылгыс азык. Ошол үчүн өрүктү как түрүндө жесе да болот.

Чындыгында өрүктүн адамдын ден-соолугуна пайдасы көп. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Анын дагы бир касиети – жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астманын кармашын жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ.

Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган дары жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.

Иммунитетти көтөрөт: өрүк какты кечинде сууга кайнатып, үстүн жаап коюп, эртең менен анын суусун (согун) ар дайым ичип турса, аз кандуулук – анемияны алдын алат жана канды көбөйтүүчү касиетке ээ. Ошондой эле иммунитетти да көтөрөт.

Белгилеп өтсөк, өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдалануу сунушталбайт.

«Batken Natural KG» компаниясынын байланыш номурлары:

0770008484 Мундузбек
bnaturalkg@gmail.com

Copyright © 2017 Maral FM